«Дин-Ислам» мечитинде жаш өспүрүмдөр арасында диний суроо-жооп уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды

Ош облусунун Араван районуна караштуу  Чек-Абад айыл аймагындагы «Дин-Ислам» мечитинде жаш өспүрүмдөр арасында ыйман, адеп жана ата-энелеге болгон урмат сый тууралуу диний суроо-жооп уюштурулуп, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен тапшырылды.

Иш-чарага Аравандын башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов, мечит имамы Абдымомун Умаров, жаш өспүрүмдөрдүн устаттары жана райондук маданият спорт комитетинин кызматкери Исамидин Султанов катышты.

«Балдар биздин келечегибиз. Аларга жаштайынан эле ислам дининин асыл баалуулуктарын үйрөтүү зарыл. Жаштарды окутуп, устаттарга жана аны көзөмөлдөгөн мечит имамдарыбызга чын дилимден ыраазычылылыгымды билдирем», — деди Алибек ажы Жусупов.