КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр ажы Токтогазы уулу Ардак громата менен сыйланды

Бүгүн, 28-майда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев КМДБнын жалпы жамаатына жыйын өткөрүп, анын алкагында фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн адиси Бактияр ажы Токтогазы уулун Ардак громата менен сыйлады.

Мындай сыйлык Бактыяр Токтогазы уулунун Ислам дининин асыл баалуулуктарын коомчулукка жеткирүүдө, элибиздин ыймандуу, адеп-ахлактуу болушуна кошкон салымы жана КМДБнын халал тармагын алдыга жылдыргандыгы үчүн берилди.

Өз кезегинде Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев сыйлык тапшырып жатып, элибизди адал тамак-аш азыктар менен камсыздандырууда халал тармагын өнүктүрүү керектигин баса белгилеп, бул жаатта КМДБда атайын халал бөлүмүн ачуу зарылдыгына токтолду.

“Халал тармагын өнүктүрүү динибиздин, элибиздин талабы болгондуктан калкыбызды адал тамак менен камсыздасак, элибиздин саламаттыгы да бекем болуп, дубасы да кабыл болот. Бул жаатта КМДБда халал тармагы боюнча иш алып барган бир эле адис эмгектенет. Коңшу мамлекеттердин дин башкармалыктарында бул тармак өнүгүп, атайын борборлор түзүлгөн. Биз дагы бул тармакка көңүл буруп, атайын бөлүм ачуунун алдында турабыз”,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Бактияр Токтогазы уулунун өмүр таржымалы

Токтогазы уулу Бактияр ажы 1980-жылы, 6-октябрда Ысык-Көл облусунунун Ак-Суу районуна караштуу Нововознесеновка айылында туулган. Жаш чагы өзүнүн ата-теги жашаган Тоң районуна караштуу Кызыл-Туу айылында өткөн.

1998-жылдан баштап 2003-жылга чейин Сокулук районуна караштуу Восточный айылындагы Мадина медресесинде диний билим алган.

2003-жылы Сирия өлкөсүнө барып “Ах-мад Кафтару” академиясына караштуу институтту аяктаган. Андан соң 2004-2008-жылдар аралыгында “Фатхул Ислам» институн бүтүргөн жана 2009-жылы Ливан өлкөсүндөгү Триполи университетин ийгиликтүү аяктаган.

Кыргызстанга келгенден кийин 2011-жылы “Дил-Мүрөгү” маданий борборунда эмгектенген. 2015-жылдан баштап азыркы күнгө чейин КМДБнын Фатва бөлүмүндө эмгектенип келет.

2017-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын мүчөсү болуп шайланган.