Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев белгилүү дин аалымы Абдували ажы Акматовду кабыл алды

Бүгүн, 28-май күнү Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев 18 жылдан бери Мекке шаарында илим алып жүргөн белгилүү дин аалымы Абдували ажы Акматовду кабыл алды.

Жолугушууда Убайдулла ажы Сарыбаев Абдували ажынын топтогон бай тажрыйбасын, алган билимин элге жеткирүүдө баяндамаларды өтүп турууга чакырды. Ал эми Абдували ажы Акматов Ош шаарына жасаган иш сапарында борбордук «Сулайман-Тоо» мечитине жума намазга келген Ош шаарынын тургундары үчүн өз акыл насаатын айтып, элди ынтымакка, биримдикке чакырды.

Абдували ажы Акматов 18 жылдан бери Мекке шаарында илим алып, учурда «Уммул Кура» университетинде билим алгандыктан, кыска мөөнөткө Кыргызстанга келген эле.