Баткен облустук казыяты жана Кажамдай райондук хатибияты Баткен районунун Суу бою Карабак айылына кайрымдуулук жардам көрсөттү

Баткен облустук казыяты жана Кажамдай райондук хатибияты Баткен районунун Суу бою Карабак айылына кайрымдуулук  жардам көрсөттү.

Жардам азык-түлүк, кийим-кече,чек ара чырында жабыр тарткан 10 үй-бүлөгө  5000  сомдон, айыл имамына 50 000 сом жана аскер заставасына 10 000 сом акчалай жардам берди.

Аталган жардамды атайын Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, Кадамжай районунун баш имам хатиби Ибрахим ажы Хаиткулов жана башка дин кызматкерлери  жеткирип беришти.

«Албетте учурдан пайдаланып аталган иш-чарада жалпы салым кошкондорго терең ыраазычылык билдиребиз. Өлкөбүздө тынчылык болсун. Кошуналар менен ынтымакта, достукта жашоого Кудайым насип этсин. Кылган жакшылыктарыңыздарды Кудай Таала эселеп кайтарып, берекелүү кылып берсин»,- деди Пазыл ажы Султанмуратов.