Жума намазын окуйбуз! Мечитке келүүдөгү талаптарды так сактайлы

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабынын протоколуна ылайык, өлкөдөгү COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын алуу максатында чектөө кирген аймактардагы мечиттер санитардык сактык чараларын толук сактоо менен  жума намазын 2021-жылдын 11-июнунан тарта окуп башташат.

Муну менен катар эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республикадагы бардык мечиттерде сактык чаралардын сакталуусу талап кылынат.

Талаптар: 

-Күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын  беткап тагынуусу талап кылынат.

-Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү керек.

-Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо жана мечиттин сыйымдуулугунун 50% ашпоосу зарыл.

-Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.

-Дааратты үйдөн алуу сунушталат.

-Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп  жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат.

-Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү сунушталат.

-Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.

Республикалык штабтын чечимине ылайык, санитардык сактык чараларын толук сактоо менен бирге жалпы жарандарды беш убак  намазга жана жума намазына келүүдө жогорудагы  талаптарды толук сактоого чакырабыз.