Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков 1907-жылы курулган «Хазирети-Хызыр» мечитин зыярат кылып, жергиликтүү тургундар менен жолукту

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков шаардагы «Хазирети Хызыр» мечитинин курулушу менен таанышып,  эски имаратты музей катары калтыруу керектигин билдирди. Муну менен катар облус казысы жергиликтүү жамаат менен жолугушуп, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу санитардык талаптарды толук сактоого, жаш балдарды мечитке алып келбөөгө үндөдү.

«Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабынын протоколуна ылайык, өлкөдөгү COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын алуу максатында ар бирибиз санитардык эрежелерди бекем сактайлы. Ден соолук аманат. Андыктан кайдыгер карабай, КМДБ тарабынан кандай сунуштар айтылган болсо ошолордун бардыгын аткаралы»,-деди облус казысы.

Эскерте кетсек, «Хазирети-Хызыр» мечити 1907-жылы курулган. Бүгүнкү күнгө чейин 2000 жаран өз ибадатын аткарып келишет.