Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Казакстандын Сарыагаш районунда өткөн «Дин кызматкерлеринин алдыңкы устаздары» аттуу Эл аралык конференцияга катышты

Бүгүн, 24-июнда  Казакстан Республикасынын Түркстан облусунун Сарыагаш районундагы Ынтымак айылында Казакстан мусулмандарынын Диний Башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Дин кызматкерлеринин алдыңкы устаздары» аттуу Эл аралык конференция өттү.

Конференция Абдысаттар Сманов менен Абдыгаппар Шакир уулунун элесине арналып, ага Казакстан мусулмандарынын Азирети Муфтий Наурызбай ажы Таган уулу, Өзбекстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасы Усманхан ажы Алимов, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробой ажы Шергазыев, Ош  облусунун казысы Самидин кары Атабаев, КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиев катышты.

Жолугушуу Смановдордун үй-бүлөсүнөн каза болгондордун рухуна жана Өзбекстан, Кыргызстандагы аалымдардын рухтарына  арналып Куран аяттарын окуу менен башталды. Андан соң  Абдусаттар ажы  менен Абдугаппар ажынын руханият жаатындагы иштери жөнүндө кыскача видео тасма көрсөтүлдү.

Конференция алкагында Казакстан мусулмандарынын Азирети Муфтий Наурызбай ажы Таган уулу, Өзбекстан жана Кыргызстандын мусулмандарынын Азирети Муфтийлери сөз сүйлөшүп, мындай эл аралык конференциянын өтүшү мамлекеттер жана улуттар аралык ынтымакты бекемдей тургандыгын билдиришти.

Ал  эми , Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробой ажы Шергазыев илимдин маанилүүлүгү туурасында баяндама жасап, Азирети Муфтий Наурызбай ажы Таган уулуна ыраазычылыгын билдирди.

“Куранда: “Силердин араңардан жакшылыкка чакырып, сооптуу амалдарга үндөгөн жана жамандыктан тыйган бир коом болсун! Ошолор-азаптан кутулуучулар”,-деп айтылат. Ал эми Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): “Аллах Таала илимди адамдардын көкүрөгүнөн сууруп албайт, бирок илимди аалымдардын жанын алуу менен алат”,- деп айткан. Бүгүнкү конференциянын өзөгүнө айланган эки лидерибиздин эмгеги өзгөчө. Бул устаздарды пайгамбарыбыздын (САВ) чыныгы мураскорлору деп билебиз”, — деди Жоробой ажы Шергазыев.