Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи болуп Замир кары Ракиев бекитилди

Бүгүн, 26-июнда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайы өттү. Ага жалпы аймактардан 220 делегат катышты.

Алгач курултайдын күн тартиби бекитилип, анын алкагында бир добуштан Азирети Муфтийлик кызматка Замир кары Ракиевди бекитишти. Ал эми Аалымдар кеңешинин 21 курамы жаңылынап, анын төрагалыгына Көчкөнбай ажы Садиллаев дайындалды.
Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп Бактыбек Нурдиновдун талапкерлиги жактырылды.

Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин өмүр таржымалы

Ракиев Замир кары Шейшенбекович 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Бишкек борбордук мечитинин Куран жаттоо медресесин аяктаган.
Билими:
Египеттеги Аль Азхар Ислам университетинен билим алууну улантып, «Университетке даярдоо курсу» жана «Дин негиздери» багыты боюнча билимин жогорулаткан. Бишкек гуманитардык университетинен «Чыгыш таануу — Магистр» адистигине ээ болгон.
Эмгек жолу:
• 2007-2008 — Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинин мугалими;
• 2008-2010 — Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинин директору;
• 2010-2011 — Нарын облусунун казысы;
• 2011-2016 — Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары;
• 2016-2017 — Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы;
• 2017-жылдын май айынан тарта муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген.
2020-жылдын 10-августунан тарта Бишкек шаарынын казысы болуп эмгектенип келген.
Үй-бүлөлүү, бир уул, эки кыздын атасы.
Араб, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.