Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы «Кыргызстандагы диний уюмдардын тарыхы жана ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүүгө көмөктөшүү» семинарына катышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва, диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы Рафаил ажы Татиков Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана  Кыргызстандагы АКШ Элчилиги тарабынан уюштурулган «Кыргызстандагы диний уюмдардын тарыхы жана ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүүгө көмөктөшүү» семинарынын бешинчи иш-чарасына катышты.

Долбоордун максаты — Кыргызстандагы ар түрдүү диний уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштуруп, конфессиялар аралык биримдикти, тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо болуп саналат.

Иш-чарада диний уюмдардын өкүлдөрүнө ар биринин өз конфессиясынын тарыхы, диний ырым-жырымдары жана объектилери жөнүндө маалымат алмашууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, чыр-чатактардын алдын алуу боюнча түшүндүрүүлөр жүргүзүлдү.

Иш-чара суроо- жооптор менен коштолуп, диний уюмдардын өкүлдөрү мындай иш-чаралар көбүрөөк уюштурулуп туруусун билдиришип, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчилигине жана кызматкерлерине ыраазычылыктарын айтышты.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 5-мартында “Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы”, “Бишкек жана Кыргызстан епархиясы”, “Кыргыз Республикасындагы Католикалык Апостолдук Администратурасы”, «Конкордия» Лютеран Чиркөөсү” диний уюмдары өздөрүнүн презентацияларын көрсөтүшкөн.