5-июль күнү Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошовдун демилгеси менен жаштарды адеп-ахлак, ыймандуулукка тарбиялоо максатында уюштурулган бир айлык жайкы лагер аяктады.
Иш-чарага жалпы катышуучулар, демөөрчүлөр катышты. Уюштуруучулар бир айлык жайкы лагердин жыйынтыктары туурасында сөз сүйлөп, жаштарды билим алууга мындан ары адептүү болуп, улууларды урматтоого ошондой көп ийгиликтерди жаратууга чакырды.
Иш-чара соңунда активдүү катышкандар үчүн велосипед, телефон жана башка кызыктуруучу белектер тапшырылды.
«Жайкы лагерде жаштарга адеп-ахлак, Куран жана күнүмдүк дубалар үйрөтүлдү. Ошондой эле лагердин алкагында ден соолукту чыңдоо максатында түрдү оюндар өткөрүлдү»,-деди Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов.