Араван райондук администрациясында дин кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өтүп, анда эпидемиологиялык абал талкууланды

Кечээ, 6- июль күнү Ош облусунун Араван райондук администрациясында районго караштуу мечит имамдарына жыйын болуп, анда эпидемиологиялык абал талкууланды. Муну менен катар санитардык нормаларды сактоо, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата мечиттердин сырткы жасалгаларын иретке келтирүү жана ырксыз чыгымдарды жою маселеси каралды.

Иш-чарага Араван районунун акими Сейтек Кулубаев,  Араван районунун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов, айыл өкмөт жетекчилери жана мечит имамдары катышты.

Жыйында Араван районунун акими Сейтек Кулубаев учурдагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча  маалымат берип, мечиттерде санитардык номарларды сактоо боюнча имамдарга сунуштарды берди.

Саамалыкта Араван районунун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов диний идараларда санитардык нормалардын сакталуусу, ырксыз чыгым жана мечиттердин сырткы жасалгаларын иретке келтирүү боюнча баяндама жасады.

«Мечиттерде санитардык нормаларды сактоого аракет кылып жатабыз. Беткап, антисептик каражаты жана  1.5 метр аралык сакталууда.  Учурда ырксыз чыгымдарга бөгөт коюп,  мечиттерди иретке келтирүү боюнча иш алып барабыз», — деди Алибек ажы Жусупов.

Эскерте кетсек, Араван районундагы мечиттер толугу менен дезинфекцияланган.