Жалал-Абад облусунун казысы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүп, мечиттердеги санитардык абал, намаз убакыттары, тазалыкты сактоо боюнча имамдарга тапшырма берди

Бүгүн, 7-июлда Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад шаарындагы  «Насирдин Ата» жума мечитинде облустагы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүп, анын алкагында мечиттердеги санитардык абал, намаз убакыттарын көзөмөлдөө, ибадат кылуучу жайлардагы тазалыкты сактоо боюнча имамдарга тапшырмаларды берди.

Муну менен катар облус казысы 2021-жылдын 16-июль күнү Жалал-Абад шаарында КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети маркум дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган «Өчпөс өмүр» аттуу илимий конференциянын өтүшүнө даярдык көрүү керектигин билдирди.

«Урматтуу дин кызматкерлери! Маркум дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган «Өчпөс өмүр» аттуу илимий конференцияга жакшы даярдык көрөлү. Себеби, Азирети Муфтий баш болгон бир топ дин аалымдары келишет. Саамалыктын алкагында мечит жана Жалал-Абад шаарынын хатибиятынын жаңы идарасы ишке берилет. Андыктан ынтымагыбызды бекемдеп, өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин биримдиги үчүн дуба кылалы»,-деди облус казысы.