Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын алгачкы жыйыны өтүп, анда КМДБнын түзүмү бекип, жумушчу топтор түзүлдү

Бүгүн, 8-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VII чакырылыштагы мүчөлөрүнүн алгачкы жыйыны өтүп, ага Азирети Муфтий Замир кары Ракиев жана КМДБнын бөлүм башчылары катышты. Жыйында Аалымдар Кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев Аалымдар Кеңешинин жалпы мүчөлөрүнө Алла Тааланын ыраазычылыгын көздөп, өлкөбүз жана элибиз үчүн ынтымакта, биримдикте иш алып баруунун зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле КМДБ менен тыгыз кызматташып, токтомдордун аткарылышын, агартуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө Аалымдар Кеңеши ар тараптуу көмөк көрсөтүүлөрү керектигин билдирди. Ал эми Азирети Муфтий Замир кары Ракиев жалпы Муфтияттагы абал менен тааныштырып, алдыдагы максаттар боюнча ой бөлүштү.

«Урматтуу Аалымдар Кеңешинин курамы! Алдыбызга абдан маанилүү пландарды коюп, элибиздин руханий маданиятын көтөрүүгө бардык күчүбүздү жумшайбыз. Сиздердин курамда атайын комитеттер түзүлдү. Эми ар бир тармак менен тыгыз иштешип, билим берүү, фатва, үгүт-насаат, айымдар менен иштөөдө сиздердин жардамыңыздар керек. Ишибиз сөз менен эмес, натыйжа менен коштолуп турсун»,-деди Азирети Муфтий.

Андан соң күн тартибиндеги бир нече маселелер боюнча талкуу жүрүп, чечимдер кабыл алынды. Муну менен катар жыйындын алкагында Фархат ажы Юсупов менен  Кенжетай ажы  Курманхождаев  Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланышты. Ошондой эле КМДБнын  жаңы түзүмү бекитилип, Аалымдар Кеңешинин ичинде төрт багыт боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Отурумдун соңунда уставдагы милдеттерди, жаңы идеяларды жаңы дем менен ишке ашыруу жана эриш-аркак кызматташуу зарыл экендиги катышуучулар тарабынан баса белгиленди.