Нематула ажы Жээнбеков: Жараткандан өлкөбүз үчүн жакшылыктарды, берекелүү жамгырды сурап дуба кылалы

Кечээ, 9-июль күнү Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематула ажы Жээнбеков борбордук мечитке  жума намазын окуу үчүн жыйналган жамаатка «Кусуф», «Хусуф» жана «Истиско» намаздары жөнүндө баяндама жасап, алардын айырмачылыктарын жана артыкчылыктарын айткан түшүндүрүп берди. Муну менен катар облус казысы акыркы кездердеги климаттык өзгөрүүлөргө токтолуп, анын ичинде өлкөбүздөгү күндүн табы болуп көрбөгөндөй жогору болуп жаткандыгын, кургакчылык бак-дарактарды кууратып, адамдарды кыйынчылыкка дуушар кылып жаткандыгын баса белгиледи.

» «Кусуф» намазы күн тутулганда окулат, «Хусуф» намазы ай тутулганда окулат. Ал эми «Истиско» кургакчылык каптап,  адам баласынын башына сыноо келгенде окулат. Бүгүнкү өлкөдөгү абал, күндүн болуп көрбөгөндөй ысып жатканы биздин өлкөбүзгө, элибизге берилген сыноо. Андыктан жума намазын окуган соң эки рекет «Истиско» намазын окуп, жалпы жамаат Жараткандан өлкөбүз үчүн жакшылыктарды, берекелүү жамгырды сурап дуба кылалы. Мындай жөрөлгө бүгүн Кыргызстан боюнча өтүп жатат. Бул Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын тапшырмасы. Ал эми «Истиско» намазы жөнүндө ыйык Курандын Нух сүрөсүнүн 10-12-аяттарында кеңири так жана ачык баяндалган«-деди облус казысы. 

Жума намазы окулган соң, облус казысы жамаат менен биргеликте Жараткандан элибизге тынчтык, мамлекетибизге өнүгүү, жергебизге молчулук менен токчулукту тилеп дуба кылды.