Курман айт майрамы 20-июлда белгиленет

2021-жылдагы Курман айт майрамы 20-июлда белгиленет. 11-июль  Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 19-июль арапа күнү, 20-июль Курман айт майрамы.

Курмандык чалууда маани бер!

Исламда зуль-хижжа айынын биринчи он күндүгү өзгөчө күндөр болуп эсептелет. Хадистерде бул күндөрдүн баалуулугу жана өзгөчүлүктөрү жөнүндө айтылат. Бул күндөрдө кылынган ибадаттар да өзгөчө баалуулукка ээ. Курман айт кубанычтын күнү. Бул күнү айт намазы окулат жана курмандыкка мал союлат. Бул ибадаттын (аль-Удхия) акыретте көптөгөн сооптору жана баалуулуктары  жана ошондой эле ар бир мусулман билүүгө тиешелүү болгон өздөрүнүн эрежелери жана жоболору бар. Ошондуктан биз ушул чакан макалада ошол эрежелер жана жоболор жөнүндө түшүнүктүү жана жеткиликтүү кылып айтып берүүнү эп көрдүк.

Ислам терминологиясында курмандык чалуу “Удхия” деп аталат. Удхия  ибадат жана ар бир балагатка жеткен, эс-акылдуу, сапарда эмес (120 км.ашык) жана  жашоого зарыл нерселерден  (хажат аслиядан) тышкары,   нисабга жеткен мүлккө ээ жана ошондой эле карыздар эмес мусулманга важиб (милдеттүү) болуп эсептелет.

Кимде-ким курмандык кылууну ниет кылса, ал адамдын курмандык малын союуга чейин, зуль-хижжа айы кирээри менен чачын, денесиндеги түктөрүн, тырмактарын албай жүрүүсү мустахаб. Булардын бардыгын ал жаңы зуль-хижжа айы кирээрден мурда баштоо керек.

Ошондой эле Арафа күнү орозо кармоо сүннөт. Хадисте Арафа (9-зуль-хижжа) күнү кармалган орозо өткөн жана быйылкы жылдагы күнөөлөр үчүн кафаарат (төлөм) болуп эсептелет деп айтылат.

Жана ошондой эле бул күнү Такбир Ташрик айтылат:

«الله اكبر الله اكبرلآ اله الا الله والله اكبر الله اكبر و لله الحمد»

Такбир Ташрик  айтуу зуль-хижжанын 9-күнү, багымдат намазынан кийин башталат да зуль-хижжанын 13-күнү аср намазына чейин бүтөт. Такбир Ташрик ар бир жамаат менен окулган парз намаздан кийин бир жолу үн чыгарып айтуу важиб. Бирок, аялдар Такбир Ташрикти үн чыгарбай айтуу керек.

КУРМАНДЫК ЧАЛУУНУН  АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

Кылынган курмандык үчүн Алланын көптөгөн сооптору бар. Алланын Элчиси (с.а.в.) айткан: “Курмандык күнү Алланын алдында курмандыкка мал союудан өткөн сүйүктүү амал жок. Курмандыкка союлган мал Кыямат күнү мүйүзү, туяктары менен келет (мындайча айтканда анын ар бир мүчөсү үчүн Алла Таала сооп берет). Алла Таала (курмандыкка союлган малдын) канын, кан жерге тамганча кабыл кылат.  Ошондуктан (Алла Таала тезинен кабыл кылып, көптөгөн сооп бергени үчүн) курмандыкты чын жүрөктөн, кубануу менен кылгыла.

Дагы бир Али (р.а.) риваят кылган  хадисте
Алланын Элчиси (с.а.в.) айтты: “О, Фатима, бар да курмандыкка союлуп жаткан малдын жанында бол, анткени анын канынын биринчи тамчысынын тамуусу менен сенин күнөөлөрүң кечирилет. Жана бул мал (Кыямат күнү) каны эти менен алынып келинет да сенин таразаңдын (жакшы амалдар) табагына коюлат. Абу Саид (р.а.) сурады: “О, Алланын Элчиси (с.а.в.), бул сооптор Мухаммаддын (с.а.в.) үй-бүлөсүнө элеби, анткени алар бул соопторго ээ болууга көбүрөөк татыктуураак да жана ошондой эле бардык мусулмандар үчүн дагыбы?” Алланын Элчиси (с.а.в.) айтты: “Бул сооптор Мухаммаддын (с.а.в.) үй-бүлөсүнө жана бардык мусулмандар үчүн дагы”.

Башка хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айткан: “Кимдин курманчылык кылууга мүмкүнчүлүгү (каражаты) болуп туруп, бирок курбанчылык кылбаса, ал биздин мечитке жакындабасын”.

Курманчылык кылууга кимдер милдеттүү

Материалдык жактан камсыздалган мусулман курманчылык кылууга милдеттүү. Шарият боюнча материалдык жактан камсыздалган болуп нисабка ээ мусулман эсептелет. Нисаб – жашоо зарылдыгына керектүү  каражаттан (хажат аслиядан)  тышкары,  акчалай  жана кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк.  Шариятта нисабдын өлчөмү – 612.350 грамм күмүш же 87.478 грамм алтын. Кимдин хажат аслияга кирбеген 612.350 грамм күмүшү же ушул суммадагы товары же башка ашык кыймылдуу же кыймылсыз  мүлкү болсо, ал адамдын курмандык кылуусу важиб. Хажат аслия бул адамдын жашоосуна ансыз жашоо мүмкүн болбой тургандай эң зарыл (мисалга, күнүмдүк тамак-аш, кийим, күндөлүк чыгымдарга зарыл акча чыгымдары ж.б.) жана ансыз жашоого болсо да, бирок кыйын боло турган нерселер (мисалга, карыздар, үй буюмдары, унаа каражаттары жана ошондой эле аалымдар күндөлүк зарыл нерселерге мобилдик телефонду, кир жуугуч машинаны, палас, килем, диван, керебет, муздаткыч, мебелди киргизген) жана мына ушулардын бардыгы хажат аслияга кирет.

Мына ушундан улам кимдин зарыл нерселерден (адамдын күндөлүк жашоосуна зарыл хажат аслиядан) тышкары  анчалык муктаждыгы жок ашык мүлкү жана буюмдары болсо (мисалга, экинчи үйү, бош жаткан же ижарага берген жери, кооздук үчүн коюлган үй буюм, эмеректери ж.у.с.) жана алардын бардык наркы 612.350 грамм күмүштүн наркынан аз болсо, анда ал адамга курмандык чалуу важиб эмес. А эгерде жогоруда айтылган нерселердин наркы 612.350 грамм күмүштүн наркынан көбүрөөк болсо жана бирөөлөргө карызы болбосо, анда ал адамга курмандык чалуу важиб болот. Эгерде карызы болсо, анда карыздын өлчөмүн буюмдарынын жана мүлкүнүн жалпы наркынан алып салуу керек жана эгерде калган сумма нисабдын өлчөмүнөн аз болсо курмандык чалбайт, эгерде көп болсо, анда курмандык чалат.

Бирок, белгилей кетүү керек, зекеттин нисабы менен курмандыктын нисабынын айырмасы бар. Зекет маселесинде нисабга күмүш алтын жана товар гана кирет. Ошондуктан, зекет ушул аталган нерселерден гана берилет. Ал башка бардык мүлктөн, ал кыймылдуу болсун, же кыймылсыз болсун эгерде ал сатуу үчүн алынган эмес болсо, зекет берилбейт. Ал эми курмандык жана битир-садака маселесинде, хажат аслия тышкаркы кошумча кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк нисабдын эсебине кирет.

Ошондой эле, зекет малдан жана түшүмдөн да берилет, бирок бул башка маселе болуп, бул макалада аны карабайбыз.

Эки нисабдын (зекет менен курмандыктын) айырмасына келе турган болсок,  зекет берүү важиб болуу үчүн мүлкү нисабдын өлчөмүнө толгон убакыттан баштап бир жыл өтүүсү милдет, ал эми курмандык чалуу мүлкү нисабга жеткен убакыттан баштап важиб болот, мисалга, эгерде зуль-хижжанын 12-күнү күн бата элекке чейин нисабга ээ болуп калса, ал адамга курмандык чалуу важиб болот, эгерде зуль-хижжанын 9-күнү нисабга ээ боло элек болсо да.

Эгерде кимди-бирөө үй же машина же бир башка нерсе сатып алуу үчүн акча чогултуп жүрсө жана ошол чогулткан акчанын суммасы нисабга барабар же андан ашкан болсо, анда ага курмандык чалуу важиб болот.

Үй ээсине үй-бүлө мүчөлөрү үчүн курмандык чалуу милдет эмес.

Кээде мындай учур да кездешип калат, бир үй-бүлө курмандыкка мал соёт да, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы курмандык чалуу милдетинен кутулду деп ойлошот, бирок бул туура эмес түшүнүк. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү ал нисабга ээби же ээ эмеспи, ошол жагын караш керек жана алардын кимиси нисабга ээ болсо, ошол өзү курмандык чалууга милдеттүү.

Нисабдын өлчөмүн 612.350 грамм күмүштү бир грамм күмүштүн базардагы акчалай наркына  көбөйтүп билүүгө болот.

КУРМАНДЫККА КАЙСЫ  МАЛДЫ СОЙСО БОЛОТ

            Курман айт күнү курмандыкка эркек-ургаачы төө, бука, уй, эркек-ургаачы буйвол, кочкор, соолук кой, теке, эчки сойсо болот. Бул аталып кеткен малдан бөлөк эч кандай малдын түрү курмандыкка жарабайт.

Майда мал (кой, эчки) курмандыкка бир адамдын атынан гана союлат. Кара малды курмандыкка, бир адамдын атынан да жана бир нече (эң көбү жети)  адамдын атынан да союуга болот. Мисалга бир нече киши чогулуп, бир уйду курмандыкка союу ниети менен сатып алууга уруксат. Эгерде ушул чогулган адамдардын арасынан биринин гана ниети курмандык эмес, башка максатта болсо, кылынган курмандык Алла Таала тарабынан бир адамдан да  кабыл кылынбайт.

Бир уйду курмандыкка жети адам сойсо болот, сегиз адам болсо, курмандык кабыл кылынбайт. Ар бир адамдын курмандыкка союлган малдагы үлүшү жетиден бирден кем болбоого тийиш, эгер андан аз болуп калса, мындай курмандык жараксыз болуп калат.

Курмандыкка катышкан адамдын бир нече үлүш алуусу мүмкүн. .

КУРМАНДЫКА СОЮЛА ТУРГАН МАЛДЫН ЖАШЫ КАНЧА БОЛУШ КЕРЕК?

Төөнүн (эркек, ургаачысынын) жашы беш жаштан; бука, уйдун, буйволдун (эркек, ургаачысынын) жашы эки жаштан; кочкордун, соолук койдун, теке, эчкинин жашы бир жаштан  кем болбоого тийиш. Бирок алты айлык козунун көрүнүшү чоң болуп, бир жаштан кем эмес көрүнсө, анда курмандыкка жарайт. Бул козуга гана тиешелүү.

КУРМАНДЫККА КАНДАЙ МАЛ СОЮЛАТ?

            Курмандык чалуу ибадат болгондуктан, курмандыкка чалынуучу мал эттүү, эч кандай майыптыгы жок болууга тийиш. Төмөндө курмандыкка чалынуучу малдын курмандык кылууга жарай турган жана жарабай турган айыптары көрсөтүлөт:

1.Эгерде курмандыкка чалына турган мал толук сокур, же бир көзү сокур болсо, же көздөрүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгү көрбөсө анда ал мал курмандыкка жарабайт. Көзү чалыр мал курмандыкка жарайт.

2.Курмандыкка чалына турган малдын мүйүздөрү түбүнөн омкорулуп алынган болсо, курмандыкка жарабайт, бирок, мүйүздөрү жарымынан сынган, же тубаса токол мал болсо, курмандыкка жарайт.

3.Курмандыкка чалына турган малдын тиштеринин көбүрөөгү, же таптакыр жок болсо, андай мал курмандыкка жарабайт. Бирок тиштеринин көпчүлүгү бар болсо, жарайт.

4.Курмандыкка чалына турган малдын мурдунун, же куйругунун үчтөн бир бөлүгү кесилген болсо, андай мал курмандыкка жарабайт, бирок үчтөн бир бөлүгүнөн азыраагы кесилсе, жарайт.

5.Курмандыкка чалына турган малдын тили чөп чайнай албай турган деңгээлде кесилген болсо, анда  мындай мал да курмандыкка жарабайт.

6.Курмандыкка чалына турган малдын кулагы тубаса жок болсо, же үчтөн бир же андан көбүрөөк бөлүгү кесилген болсо, же кулагы узунунан, же түбүнөн айрылып салаңдап турса,  анда мындай мал да курмандыка жарабайт. Бирок кулагы тубаса кичинекей болсо, анда жарайт.

7.Курмандыкка чалына турган мал чолок болуп, үч буттап калса, анда мындай мал курмандыкка жарабайт. Бирок бир бутунан аксап басууга жараса, же бутунда жара же басылган эн тамгасы болсо, анда жарайт.

  1. Курмандыкка чалына турган котур мал курмандыкка жарайт, бирок котурлугунун себебинен өтө арык болсо, андай жарабайт.

9.Курмандыкка чалына турган мал өтө алсыз болуп, курмандык чалына турган жерге өзү басып бара албаса, анда курмандыкка жарабайт.

  1. Курмандыкка чалына турган мал көк мээ болуп, өзү тоюттана албаса, мындай мал да курмандыкка жарабайт, бирок өзү тоюттана алса, анда жарайт.
  2. Курмандыкка чалына турган малдын жүнү кыркылган болсо, курмандыкка жарайт.

12.Курмандыкка чалына турган малдын жогоруда аталган кемчиликтеринин бирөөсү, аны сатып алгандан кийин пайда болсо, анда тартип мындай, эгерде курмандык чалуучу адам кедей (мындайча айтканда, ага курмандык кылуу важиб эмес) болсо, ага ал малды союуга болот. Бирок курмандык кылуучу колунда бардар (нисабга ээ) адам болсо, ал бөлөк мал алып курмандык кылууга тийиш.

13.Эң жакшы курмандык малы болуп, бычылган, көрктүү жана дени сак  мал эсептелет.

            КУРМАНДЫК КЫЛУУНУН УБАКТЫСЫ

            Курмандык кылуу убактысы зуль-хижжанын 10-күнү башталат да, 12-күнү аср намазына чейин бүтөт. Ушул күндөрдүн кайсы мезгили болсо да курмандыкка мал сойсо болот. Бирок курмандык кылуунун эң жакшы күнү анын биринчи күнү, андан соң экинчи андан соң үчүнчү күнү. Курмандыкка малды күндүз да жана жарык жакшы болсо түндөсү да болот. Түндөсү жарык күңүрт, начар болсо курмандыкка мал союу жакшы эмес.

Айт намазга баруу милдеттүү болгон шаардын тургундары, курмандык малын зуль-хижжанын 10-күнү айт намазына чейин сойбош керек. Кимдир бирөө айт намазына чейин союп алса, ал курмандык деп эсептелбейт, жөн эле союлган мал болуп калат, ал адам кайрадан курмандыкка мал союш керек.

Курмандык кылуу важиб болгон адам курман айттын үч күнүндө курмандык кыла албай калса, ал орточо койдун наркында садака берсин. Ал эми ким курмандыкка мал сатып алып, бирок аны союга үлгүрбөй калса ошол малды садака кылсын.

КУРМАНДЫККА СОЮЛГАН МАЛДЫН ТЕРИСИН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

            Эгерде кимдир бирөө курмандык малын өзү соё албай турган болсо жана мал союга адам жалдаган болсо, курмандыкка союлган малдын териси, эти сойгон акы катары берилбейт. Ал эми кимдир бирөө мал сойгон адамгы малдын терисин берип койгон болсо, теринин наркын акчалай колунда жок адамдарга берип коюу керек.

Курмандыкка союлган малдын терисин жардамга муктаж (зекет алууга боло турган) адамдарга берип, же терини сатып, аларга акчасын  берип койсо болот. Ошондой эле пайдаланууга өзүнө калтырып, же бирөөгө ал бардар? же кедей болсун, белек кылса да болот, Ал эми эгерде терини саткан болсо, анда акчасы кедей же колунда жок (мустахик) адамга гана берилет, колунда бардар – зекет алууга болбой турган адамга берүүгө болбойт.

НИЕТ КАНДАЙЧА КЫЛЫНАТ?

            Ниетти ичинде кылса да болот, сөзсүз үн чыгарып айтуу шарт эмес. Бирок малды мууздаарда сөзсүз үн чыгарып:  بسم الله الله اكبر(Бисмиллаахи Аллооху Акбар) деп айтуу керек.

КУРМАНДЫК КЫЛУУНУН АДЕПТЕРИ

            Курмандыкка союулуучу мал кыбылага каратып жаткырылат, андан соң төмөндүгү дуба окулат:

“اني وجهت وجهي للذي فطر السموات و الارض حنيفا ومآ انا من المشركين * ان صلاتي  ونسكي و محياي ومماتي لله رب العالمين* لا شريك له وبذلك امرت وانا من المسلمين اللهم منك لك

Курмандык малы союлуп бүткөндөн кийин төмөндөгү дубаны окуу зарыл:

اللهم تقبله مني كما تقبلت من حبيبك محمد وخليلك ابراهيم عليهما السلام.»

Курмандыкты соёрдун алдында бычакты жакшылап курчутуп алуу керек, бирок малдын жанында туруп курчутпаш керек. Малды сойгондо эки күрөө тамырын,  кызыл өңгөчүн жана кекиртегин кесүү жетиштүү жана сөзсүз милдеттүү болуп эсептелет, бирок малдын жаны чыга электе жүлүндөөгө болбойт.  Малдын жаны толук  чыккандан кийин гана териси сыйрылып, жиликтелет.

Курмандыкка союулуучу малды саап жана жүнүн кыркууга болбойт. Эгерде ким саап сүтүн ичип койгон болсо, саалган сүттүн наркын садакага берип коюу керек.

Малды соёрдун алдында бычакты жакшылап курчутуп алуу зарыл.

КУРМАНДЫККА СОЮЛГАН МАЛДЫН ЭТИН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

            Курмандыкка союлган малдын этин толук өзүнө калтырууга да же бардыгын таратып жиберүүгө да болот, бирок этти үчкө бөлүп, бир бөлүгүн өзүнө, экинчи бөлүгүн кедей, муктаждарга жана үчүнчү бөлүгүн конок чакырып аларга бышырып берүү мустахаб болуп эсептелет.

Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт.

Курмандыкка союлган малдын этин мусулмандарга да жана ошондой эле мусулман эместерге да берүүгө болот.