Азирети Муфтий Замир кары Ракиев экс-муфтий Абсаттар ажы Дербисалинин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу казак элине көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев  боордош казак элинин мурдагы баш муфтийи жана дин аалымы Абсаттар ажы Дербисалинин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу Казакстан  мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасы, баш муфтий Наурызбай ажы Таган уулуна Кыргызстан мусулмандарынын атынан көңүл айтты.

Урматтуу Наурызбай ажы!  Маркум дин аалымы Абсаттар ажы 2000-жылдын 24-июнунан 2013-жылдын 19-февралына чейин Казакстандын башкы муфтийи, Борбордук Азия муфтийлер кеңешинин төрагасы болуп бир топ эмгектерди жасай алды. Муну менен катар филология илимдеринин доктору, профессор, Казакстандын Жогорку мектебинин Илимдер академиясынын академиги даражаларына жетип, өсүп келе жаткан муун үчүн өзүнүн тажрыйбасы менен эмгектерин калтыра алды.

Кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сабыр кылыңыздар, Алла Таалам маркум Абсаттар ажынын үй-бүлөсүнө, жакындарына, туугандарына жана сизге күч-кубат берсин. Жараткан Абсаттар ажыбызды Өз ырайымына алып, Бейиштин төрүнөн орун насип кылсын.

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35).

“Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Кыргызстан мусулмандардын Дин Башкармалыгынын эмгек жамаатынын жана Кыргызстан мусулмандарынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыңарды тең бөлүшөбүз.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев