![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2021/07/1fc87627-1432-4d13-93e9-0401220eb750.jpg)
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязов баш болгон дин кызматкерлери COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү.
«Эмдөөнү борбордук «Мураталы ажы Жуманов» атындагы мечитте уюштурдук. Алгачкылардан болуп мен өзүм эмдөөдөн өттүм. Андан соң башка дин кызматкерлери жана намазга келгендер эмделди»,-деди Мукадас ажы Кожониязов .
Эскерте кетсек, кечээ, 14-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатвасын чыгарган.