Ноокат районунда 100 жетим балага сый-тамак уюштурулуп, акчалай жана кубандыруучу белектер берилди

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу «Бек-Сарай» кафесинде Ноокат районунун башкы имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаевдин катышуусунда 100 жетим балага сый-тамак уюштурулуп, акчалай жана кубандыруучу белектер берилди.

Демилге кайрымдуу инсандар тарабынан каржыланып, жүзөгө ашырылды.

«Пайгамбарыбыз (САВ) бир хадисинде көрсөткүч бармагы менен ортоңку бармагын көрсөтүп,  айтат: «Кимде ким жетимдин башын сылаган болсо, бейиште мени менен дал ушундай жакын болот» деп. Жараткан Аллах кылынып жаткан садака-ихсандарды кабыл кылсын», – деди Музаффар ажы Турдубаев.