Араван районунда айт намазы окулуучу мечит имамдарына жыйын болуп, санитардык нормаларды сактоо маселеси каралды

Ош облусуна караштуу Араван райондук хатибиятында айт намазы окулуучу мечит имамдарына жыйын болуп, курман айт майрамын өткөрүү тартиптери, эрежелери жана санитардык номарларды сактоо маселеси каралды. 

Иш-чарага Араван районунун башкы имам-хатиби Алибек ажы Жусупов, райондун жооптуу врачы Осмонжан Мамажанов жана мечит имамдары катышты.

Жыйында райондун башкы имам-хатиби Алибек ажы Жусупов курман айт майрамын татыктуу өткөрүү зарыл экенин баса белгилеп, имамдарды санитардык талаптарды көзмөлдөөгө чакырды.

«Ислам дининде болгону эки эле майрам бар. Орозо айт жана курман айт майрамдары.  Ушул айт майрамдарында элибизге жакшы кызмат кылып, колубуздан келишинче  санитардык талаптарды сактайлы», – деди баш имам-хатиб.