Бишкек шаарында Курман айт намазы окулуп, дин аалымдары мамлекетибизге тынчтык, элибизге ыйман жана ынтымак тилеп дуба кылышты

Бүгүн, 20-июлда Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы башкы мечитте миңдеген шаар тургундарынын жана конокторунун катышуусунда Курман айт намазы эпидемиологиялык абалдан улам аралыкты сактоо менен окулду.

Айт намазына эл таңкы саат 6:30дан тарта чогула баштап, 7:30да айт намазы окулду.

Майрамды утурлай Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов,  Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов өлкөбүздүн жарандарын айт майрамы менен куттукташса, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинини төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев жана Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев “Диний баалуулуктар, Курман  айттын пазилеттери” деген темада баяндамасын жасап, куттуктоолорун узатышты.

Азирети Муфтий Курман айт намазында элди аруулукка, тазалыкка чакырды. Андан соң Куран окулуп, мамлекетибизге, элибизге тынчтык, биримдик, тунук ыйман жана аруулукту Алла Тааладан сурап дуба кылышты.

Ушундай эле айт намазы өлкөнүн бардык мечиттеринде санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.