Ош шаарында 41 бодо мал курмандыкка чалынды

Бүгүн, 20-июль күнү Ош шаарында «Адеп Башаты» коомдук прогрессивдүү фонду тарабынан 41 бодо мал курмандыкка чалынды.

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, жергиликтүү имамдар жана демөөрчүлөр катышты.

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев курмандыктын эрежелери жана тартиби боюнча айтып, курмандык чалгандарга жана уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Курмандык чалуу «Улуу устаздардын атынан Курмандык» деп аталып, ал маркум, дин аалымдары жана коомдук, маданий ишмерлердин арбагына багышталды.