Азирети Муфтий Замир кары Ракиев дин аалымы молдо Зулкарнайндын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев өз өмүрүн дин тармагында арнап, бир топ аалымдарга өзүнүн өрнөктүү билимин берип, Ислам дининин асыл баалуулуктарын элибизге жеткирүүдө  үзүрлүү эмгектенген аалымыбыз, устатыбыз молдо Зулкарнайндын  дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Аалымыбыз, устатыбыз молдо Зулкарнайндын мусулман үммөтү үчүн жасаган зор, эмгеги эч кимдин эсинен кетпейт. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Сабыр кылыңыздар, анткени, “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) экен. “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Алла Таалам устатыбыз молдо Зулкарнайндын үй-бүлөсүнө жана туугандарына күч-кубат берсин. Жаратканыбыз Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Жараткан Алла Тааладан тилеймин. Кайгыңарды тең бөлүшөбүз.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи  Замир кары Ракиев