Таякка эмес, Аллага таянган көзү азиздер үчүн Ош шаардык казыяты сый тамак жана маанай көтөрүүчү спорттук оюндарды уюштурду

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин демилгеси менен шаардагы 100дөн ашуун көзү азиздер, дүлөйлөр үчүн атайын сый тамак жана маанай көтөрүүчү кызыктуу спорттук оюндар уюштурулду.   

Шаар казысы иш-чаранын максаты ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бир туугандар менен дайыма тыгыз мамиледе болуп, алардын көңүлүн көтөрүп туруу экендигин түшүндүрдү.

«Алакандай эл болсок дагы бири-бирибизди сыйлап, урматтап жана колдоп турганыбыздан ардык эч нерсе жок. Сиздердин сыйлыгыңыздарды Алла Таалам акыретте берсин. Казыят сиздердин коом менен дайыма тыгыз иштешип, колдон келишинче жардамын берип келет»,-деди шаар казысы.

Ал эми көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Жамгырчы Абдыкалыков шаардык казыятка ыраазычылыгын билдирип, мындай саамалыктар ынтымакты арттыра тургандыгын айтып өттү.

«Биз бактылуубуз. Алла Таалага шүгүр кылабыз. Анткени, биз  көзүбүз көрбөгөндүгүнө өкүнбөйбүз, Алла Таала жүрөгүбүздү сокур кылбасын. Көчөдө жалгыз жүргөндө таяк менен басабыз, бирок биз таякка эмес, Аллага таянабыз»-деди Жамгырчы Абдыкалыков.

Ал эми саамалыктын соңунда спорттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө атайын белектер тапшырылып, алкыштар айтылды.

Эскерте кетсек, курман айт күнү көзү азиздер жана дүлөйлөр  шаардык казыят атайын майрамдык иш-чара өткөрүшкөн.