Убайдулла ажы Сарыбаев: Коомду жаман деп нааразы болбой, аны жакшыртуу үчүн ар бирибиз өз салымыбызды кошолу

Кечээ, 8-август күнү Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев борбордук Сулайман-Тоо мечитинде «үй-бүлө курууга даярдык» курсунун студенттерине «Бала тарбиясы жана үй-бүлөлүк бакыт» темасында баяндама жасады. Шаар казысы үй-бүлө баалуулуктарын сыйлоо жана бала тарбиясына кайдыгер болбоого чакырды. 

«Учурда коомду жаман деп нааразы болбой, аны жакшыртуу үчүн ар бирибиз өз салымыбызды кошолу. Инсанга аткарууга күчү жетпеген оор милдеттер жүктөлбөйт. Балдарга туура таалим-тарбия берүү да коомдун жакшыруусуна кошкон салымыңыздар болуп саналат. Анткени, жамандык иштер азайып, жакшылык иштердин көбөйүүсүнө себепчи болуп жатасыздар. Ошондуктан бала тарбиясына кайдыгер мамиле жасабоого чакырам»,- деди шаар казысы.

Эскерте кетсек, борбордук Сулайман-Тоо мечитинде 3 жылдан бери «үй-бүлө курууга даярдык» курсу уюштурулуп, ар жуманын жекшемби күнү саат 9:00дөн 11:00гө чейин улантылып келүүдө.