Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков район, шаарлардын баш имам хатибдерине онлайн жыйын өтүп, алардын отчетторун укту

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков район, шаарлардын баш имам хатибдерине онлайн жыйын өтүп, анда баш имам хатибдердин ишмердүүлүгүн күчөтүү, ыкластуулук менен аманаттарды өз убагында аткаруу керектигин билдирди. 

Муну менен катар район, шаарларда диний иш-чараларды колго алып,  диний кырдаалга көзөмөлдү күчөтүү керектигин, жоопкерчиликтүү болууга жана каттоодон өтө элек мечиттердин каттоосун тездетүү  талабын койду.

Муну менен катар  диний окуу жайлардын жаңы окуу жылына карата даярдыктары боюнча маалымат алып, баш имам хатибдерге жакшы даярдык көрүү керектигин билдирди. Жыйындын соңунда баш имам хатибдердин суроо-талаптарына жооп берип, коомчулуктун башын бириктирип, ынтымакка, биримдикке чакыруу менен ар түрдүү бузуку иштерден алыс болууга үндөдү.