Азирети Муфтий Лейлек районунун Максат айылынын жашоочулары менен жолугуп, Жараткандан тынчтык жана эл ортосундагы ынтымакты тилеп курмандык чалды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Баткен облусуна  жасаган иш сапарынын алкагында Лейлек районунун Максат айылына барып, жергиликтүү жашоочулар  менен жолугушту.

Жолугушууда Азирети Муфтий  мекендештерибизди ынтымакка, сабырдуулукка чакырып, Алла Тааладан жакшы  тилек кылууга чакырды.

«Элибизден айланса болот. Чек арадан жабыркагандарга деп өлкөбүздүн бардык аймактарынан жардамдар чогулуп, элибиз колдон келген жардамдарын аяган жок. Дин кызматкерлери дагы акчалай, азык-түлүк, үй турмушуна керектелүүчү техникаларды алып берди. Азыр үйлөрдүн курулуштары аяктап,  айрымдары кирип жатышыптыр»,-деди Азирети Муфтий.

Андан соң Азирети Муфтий Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын  атынан  1 бодо малды курмандык кылып, Алла Тааладан тынчтык, биримдик  жана эл ортосундагы ынтымакты тилеп дуба кылды.

Эл менен болгон жолугушууга Аалымдар Кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев, Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев, КМДБнын жана Баткен облустук мусулмандар  казыятынын кызматкерлери, Лейлек жана Сүлүктү шаарынын баш имам хатибдери катышты.