Ысык-Көл облусу боюнча Куран жарышына катышуучулар тандалып алынды

Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында республикалык деңгээлде өтө турган “Куран жазы” жарышына катышуу үчүн Ысык-Көл облусунан 3 катышуучу тандалып алынды.

КМДБнын буйругунун негизинде Куран жарышынын  жарым финалдык тандоо сынагы өткөрүлдү. Сынактын жыйынтыгында 3 катышуучубуз тандалып алынды. Тагыраак айтканда 30 пара, 20 пара жана 10 пара боюнча тилават тажвиди менен жатка окуу. Алдыда республикалык сынака даярдоо аракеттери көрүлмөкчү”,- деди калыстар тобунун мүчөсү Талгат Соноев.

Тандоо сынагында калыстар тобу катышуучунун Куранды жаттоосуна, үнүнө жана тажвидге көңүл буруп баалашты.

Жыйынтыгында Абдурашит уулу Жахангир 30 пара, Лолаев Мехробшо 20 пара, Жекшенбек уулу Абдулазиз10 пара боюнча сынака жолдомо алышты.