Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Катар мамлекетинин Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла Бин Юсуф аль Сулейти менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Катар мамлекетинин Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла Бин Ахмад аль Сулейти менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну бекемдөө, мамлекеттер арасындагы достук алаканы чыңдоо жаатында пикир алышты. Өз кезегинде Азирети Муфтий Катар мамлекетинин Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла Бин Ахмад аль Сулейтини Кыргыз Республикасына элчи болуп келиши менен куттуктап, иштерине албан-албан ийгиликтерди каалып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы кызматташууга даяр экендигин билдирди.