Ош шаардык мусулмандар казыяты үйлөрү өрттөн жабыркаган 6 үй-бүлөгө жардам көрсөттү

Кечээ, 11-октябрь күнү Ош шаардык мусулмандар казыяты шаардагы Амир-Темир муниципалдык аймагында үйү өрттөн жабыркаган  5 үй-бүлөгө жана Туран муниципалдык аймагында үйүнөн ажыраган 1 үй-бүлөгө акчакалай жардам көрсөттү. 

«Амир-Темир муниципалдык аймагындагы Калинин конушунда 3 турак жай катары менен күйүп кеткен. Алардын экөөсүнө 30 миң сомдон, ал эми бирөөнө 20 миң сом акчалай жардам тапшырылды. Ошону менен бирге элден келген үй  буюмдары бөлүштүрүп берилди. Ал эми  Жумабаев көчөсүндө жайгашкан 2 үй-бүлөгө 20 миң сомдон акчалай жардам тапшырылды»,-деди шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев. 

Муну менен катар Туран муниципалдык аймагында үйү өрттүн кесепетинен жабыркаган үй-бүлөгө 30 миң сом акчалай жардам тапшырылды. 

«Ош шаардык мусулмандар казыяты 8-октябрь күнү шаардагы жума окулуучу мечиттерден үйлөрү өрт кырсыгына кабылган жарандар үчүн атайын акча жыйнап, чогулган 150 миң сомду бөлүштүрүп бердик»,-деди шаар казысы.