Жарыя! Салаватты 2022-жылдын январь айынын акыркы күнүнө чейин 5 000 000го жеткирген инсанга, умра сапарына жолдомо берилет

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана minbarmedia ютуп каналы «Пайгамбарыбызга (САВ) салават айтуу» конкурсун жарыялайт. Конкурс пайгамбарыбыздын (САВ)  туулган айынын урматына карата  уюштурулууда.

СИЗ:

Аллахумма салли ‘аля Мухаммад ва ‘аля али Мухаммад, кя-ма салляйта ‘аля Ибрахим ва ‘аля али Ибрахима, инна-кя Хамидун, Маджид. Ал-лахумма, барик ‘аля Мухаммад ва ‘аля али Мухаммад кя-ма баракта ‘аля Ибрахим ва ‘аля али Ибрахим, инна-кя Хамидун, Маджид!

Салаватты январь айынын акыркы күнүнө чейин 5 000 000 жеткирген инсанга, умра сапарына жолдомо берилет.

МАКСАТЫ:

Тилди ушактан сактоо менен биргеликте салават айтууну адатка айландыруу.

ШАРТТАРЫ:

1) Атайын дептер ачып, салават айтылган күндүн убактысын жана санын жазуу.

2) Отчёттук дептерди автор өзү гана алып келип тапшыруусу керек.

3) Намаздагы салават гана айтылуусу шарт.

4) 3 ай бою айтылган салаваттын жыйынтыгы 5 000 000 ашуун болуусу керек.

ЭСКЕРТҮҮ: 10 же 100 адам чогулуп, 5 000 000 жеткирүүгө тыюу салынат.