Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Маргалаңдагы кол өнөрчүлүк борборуна барды

Дин аалымдарынын турган кыргызстандык делегация Өзбекстан мамлекетинин Маргалаң облусунда жайгашкан кол өнөрчүлүк борборуна барышты. Ибрагимжон Султановдун демилгеси менен курулуган кол өнөрчүлүк борбору атлас, килем токуу, турмуш-тиричилик жактан тейлөө, тигүү жана кол өнөрчүлүктүн 200дөн ашык түрү менен эмгектенишет.  

Эки кабаттуу борбордун үстүнкү кабатында килем цехи жайгашкан. Бул жерде бардык буюмдар толук кол эмгек менен жасалып, бир гана таза жибек колдонулат.

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Жараткан Алла Тааладан кол өнөрчүлөргө  күч-кубат, береке жана ийгиликтерди сурап дуба кылды.