Дин аалымдары шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун жана бир топ аалымдардын кабырларын зыярат кылышып, Куран окушту

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган делегация белгилүү дин аалымы шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун жана бир топ аалымдардын кабырларын зыярат кылышып, Куран окуп, дуба кылышты.


Муну менен катар делегация шейх Зайниддин мечитине барып намаз окушту.

Шейх Зайниддин ата көрүстөнүнүн жана мечитинин тарыхы 700 жылга жакын. Профессор Омонулла Файзуллаевдин шейх Зайниддин атынын тарыхы тууралуу бүтүмүнө ылайык, анын толук аты – шейх Зайниддин Кой Орифони Ташкенти ибн Шейх Шахобиддин Абу Хафс Умар Сухраварди 1164-жылы туулуп, 1259-жылы (95 жашында) каза болгон.
Күмбөз XIV кылымда Амир Темур тарабынан Индиядагы жортуулга чейин курулуп, XIX кылымдын аягында кайра жаңыланган.