Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби имамдардын отчетторун угуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иштешүүнү тапшырды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Каныбек ажы Кожогулов Мундуз айылындагы борбордук мечитте жалпы имамдар менен жолугушуп, алардын отчетторун укту. Отчеттук жыйында мечиттердин кириш-чыгыш документтеринин тактыгы, эсеп-кысап иштерине болгон жоопкерчилик, коомчулук менен болгон байланыш, аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштери,  Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана облустук казыяттар тарабынан келген буйруктардын аткарылышы каралды.

Муну менен катар баш имам хатиб мечиттерди кышка жакшы даярдоо боюнча тапшырма берип, коомчулук, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иш алып баруу жагын жакшыртууну тапшырды.