Ош облустук мусулмандар казыяты иш кагаздарды электрондоштурат

Ош облусунун мусулмандар казыяты иш кагаздарын жүргүзүү боюнча бир катар пландарды коюп, аларды аткарууга киришти. Казыяттын кадр, катчылык жана маалымат адисинин айтымында  расмий дин кызматкерлеринин документациясы КМДБ талап кылган документтер тизмегине ылайык жүргүзүлүүдө.

«Биз иш кагаздарын жүргүзүүнү жакшыртуу боюнча үч максат койгонбуз. Биринчиси, иш кагаздарын сабаттуу жүргүзүү. Экинчиси, бардык райондордун иш кагаздарын бирдиктүү формага өткөрүү. Үчүнчүсү, этап-этабы менен санариптештирүү. Азыркы санариптик доордо жарандар алакандай кагаз үчүн убара тартып, райондордон шаарга келип-кетип жатышат. Ошол эле учурда кагаз үнөмдөө биздин негизги максат. Келечекте казыятты электрондоштуруу деген чоң планыбыз бар. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Ким момундун дүйнөдөгү көйгөйүн жеңилдетсе, Алла Таала да анын кыяматтагы кыйынчылыгын жеңилдетет», – деген. Биз документ иштерин жүргүзүүдө Устав чегинде бардык оптималдуу ыңгайлуулуктарды пландап жабыз», – деди Иманбек Азизилла уулу.