Акжол ажы Бакиров Жараткандан элибиздин амандыгын тилеп бата кылды

Өзгөн районунун борбордук мечитинде райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Жараткандан элибиздин амандыгын, мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана тынчтыгын тилеп, жамаат менен бирге дуба кылды.

 «Жараткан Алла мамлекетибизге тынчтык, биримдик берсин. Коңшу өлкөлөр менен ынтымакта, тынчтыкта жашоону насип кылсын. Мекенди коргоп турган бардык жоокерлерге бекем ыйман, ден соолук жана күч-кубат берсин.», – деп дуба кылды Акжол ажы Бакиров.