Нарын облусунун казысы Эрик ажы Молдокулов Кочкор районуна иш сапары менен барып, мектеп окуучулары менен жолугушту

Нарын облусунун мусулмандарынын казысы Эрик ажы Молдокулов  Кочкор районуна иш сапары менен барып,  Кара-Тоо айылындагы Шарыпбек Абдылдаев, Кочкор айылындагы  Капар Кадыралиев жана Нинакан Жүндүбаева атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушту. Жолугуушуга Кочкор РИИБинин жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча кызматкерлери дагы катышып, мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ал эми облус казысы окуучуларга   улууларды урматтоо, мугалимдерди сыйлоого жана убакытты туура пайдалануу менен  тактыктуу билим алып,  мекенге ак дилден кызмат кылууга чакырды.

Андан соң облус казысы Эрик ажы Молдокулов Кочкор районунун хатибияты тарабынан  уюштурулган Курани-Карим жарышына  калыстык кылды. Куран жарышына жалпы 30 жаран катышса, алардын эң жашы 8 жашта болсо, улуусу 57 жашты түздү.

“Жарыш Курандын акыркы 30-парасынан өттү. Сынактан  алдыга озуп чыккан катышуучуларга акчалай сыйлыктар, баалуу белектер жана ар бир катышуучуга  ыйык Куран китебинин маанилери  менен кыргызча котормосу  тапшырылды”,-деди облус казысы.

Эскерте кетсек, Кочкор районунун хатибияты жарандар үчүн  Куран сабагын уюштуруп келет.