Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, Азирети Муфтий Замир кары Ракиев менен жолугушту.
Эки тараптуу баарлашуунун жүрүшүндө Эдил Байсалов мамлекет жетекчилиги Дин Башкармалык (Муфтият) менен мамилеге өзгөчө маани берерин жана өлкөдөгү салттуу ислам дининин туура нукта өсүүсүнө КМДБнын орду чоң экендигин билдирди. Азирети Муфтий Муфтияттын ишмердүүлүгү жана өлкөдөгү диний абал боюнча Министрлер Кабинетинин Жетекчисинин орун басарына маалымат берди. Муну менен катар Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын айтып, терс диний агымдардын алдын алууда бардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо, диний чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери жана диний окуу жайлардын абалы талкууланды.