Ноокат районунда ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча жыйын өттү

Ош облусунун Ноокат районунда мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча жыйын өткөрүлдү. Ага райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, айылдык кеңештин төрагалары, аксакалдар соттору, райондогу имам-хатиб жана имамдар, ардагерлер кенешинин төрагалары, аялдар кеңешинин төрайымдары, жаштар комитеттери катышты. Жыйында мааракелерде, аш-тойлордо, маркумду жерге берүүдө, кичи ажылык сапарларына барып келгенден кийинки ашыкча чыгымдарга жана ысырапкерчиликке жол бербөө маселелери каралды.

Музаффар ажы ысырапкерчиликти токтотууну колдоп, бул жаатта колдон келишинче көмөк көрсөтөрүн белгилеп:  «Динибиз ысырапкерчиликке тыюу салат. Ашыкча чыгым менен өзүбүздү эле кыйнап жатабыз. Ысырап коомдук тең салмактуулукту бузат. Бир жерде акча жана тамак-аш ысырап болуп жатса, башка жерде жокчулуктун жана ачкалыктын азабын тарткандар арбын», – деп билдирди.