Асантур ажы Абдрахманов: Тарбияны үйдөн башташыбыз керек. Ал үчүн ата-эне үлгү болуусу зарыл

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплокюченка айылындагы М.Мамакеев атындагы мектеби райондук хатибият менен биргеликте «Жаштар- эртеңки келечегибиз» аталышында иш-чара уюштуруп, ага  баш имам-хатиб Асантур ажы Абдрахманов катышты. 

Мектеп окуучулары менен болгон жолугушууда ыйман, адеп-ахлак, убакытты туура пайдалануу, арактын зыяндуулугу, зынаа, экстремизм, терроризм, диний терс агымдар, аялдын коомдогу орду, ата-энеге болгон мамиле сыяктуу бир топ маселелер каралды.

«Элибизде балаңды көрсөт, мен сенин келечегиңди айтып берем деген накыл кеп бар. Балдар биздин келечек болгондон кийин жакшы тарбия берип, аларга убакыт бөлөлү. Мектептеги агай-эжейлерин сыйлоого чакыралы. Себеби, биз тарбияны үйдөн баштообуз зарыл. Ата-эне билимдүү болсо, биздин келечек муундарыбыз ошончолук зирек, ыймандуу болот»,-деди баш имам-хатиб.