Ош шаарында ысырапкорчулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча жыйын өтүп, протоколдук тапшырмалар берилди

1-мартта Ош шаарында Президент Садыр Жапаровдун «КРда үй-бүлөлүк салтанатты жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында жыйын өттү. Ага шаар мэри Алмаз Мамбетов, калаа казысы Убайдулла ажы  Сарыбаев, Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурунбетов, муниципиалдык аймактык башкармалыктардын, кварталдык комитеттердин башчылары, ар улуттун өкүлдөрү жана дин кызматкерлери катышты.

Жыйында үй-бүлөлүк салтанатты жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча өлкө башчынын Жарлыгын калк арасында жайылтуу жана аткарылышын көзөмөлдөө боюнча сөз жүрдү. Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев той-маараке, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы ашыкча ысырапкорчулук, анын зыяны, шариятта белгиленген тартиптер туурасында айтты.

Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы каада-салт, үрп-адаттар жыл өткөн сайын көбөйгөнүн жана бул багытта атаандаштык, куру намыс күч алганын айтып, Жарлыкты жүзөгө ашырууда бирге аракет көрүү керектиги кошумчаланды.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бул Жарлыкты иш жүзүндө аткарууну ар бир адам, анын ичинде мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, дин өкүлдөрү өздөрүнөн башташы керектигин баса белгиледи.

«Өлүм айттырбай келет. Жакынын жоготуп аза күтүп отурган адамдар сойгонго мал издеп, элдин сөзүнөн улам куру намыска алдырбай турган болушу керек. Маркумду узатуу зыйнатына баргандар да канча мал союлду, кандай жилик берилди деп сөз кылуудан арыла турган учур келди. Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер бул жаатта да өзүбүздөн баштайлы. Молдолор өлүм болгон жерде эт жегенди чогуу токтотолу. Баарыбыз биригип ысырапкорчулуктан арылууга аракет кылсак элге ошончо жеткиликтүү болот», — деди Алмаз Мамбетов.

Жыйын суроо-жооп иретинде уланып, мэр тарабынан төмөнкүдөй протоколдук тапшырмалар берилди:

1. Үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу, бекитүү жана аткарууга алуу;

2. Муниципалдык аймактык башкармалыктар, аксакалдар, Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмү, шаардын казысы жана жаштар комитети биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

3. Ош шаарынын казыяты аркылуу ар апта сайын жума намаздарда Президенттин Жарлыгын жайылтуу;

4. Укук коргоо органдары тарабынан Жарлыктын аткарылышына мониторинг жүргүзүү, көзөмөлгө алуу;

5. Мэриянын бөлүм башчыларына, аппараттык кызматкерлерине, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга бул багытта ысырапкорчулукка жол бербестен, жалпы жарандарга үлгү болуу сунушталды.