Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Мамлекеттик туу күнүнө арналган майрамдык салтанатка катышты

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдык мааракеси өтүп, майрамдык салтанатка Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев да катышты.

Майрамдык салтанат Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, туу боюнча боюнча бир топ маалыматтар айтылды.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлү, Ош шаарынын мэри, бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышып, мамлекеттин туусун көтөрүштү.