Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков Сузак районуна барып, дин кызматкерлери менен жолугушту

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы  Жээнбеков Сузак районунун имамдарына жыйын өтүп, анда ысырапкерчиликке бөгөт коюу маселеси каралды. Облус казысы дин кызматкерлерине өлкө башчынын Жарлыгын жана Кыргызстан мусалмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин №1-фатвасын ар бир жума мечитте жума намазы учурунда жана беш убак намазга келген жашоочуларга   жеткирүү тапшырмасын берди.

Муну менен катар  Нематулла ажы  Жээнбеков мамлекеттик эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди  каттоодон өткөрүү боюнча казыяттан чыккан №96 буйруктун аткарылышы боюнча отчет алып, бул жаатта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте активдүү  иштөөгө чакырды.

Эскерте  кетсек,  Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте  район, шаарларда  ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча  үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп  келет.