Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы болуп Шакир ажы Маматов дайындалды

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы болуп Шакир ажы Маматов  дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кол койду.

Азирети Муфтий Бишкек шаарынын жаңы дайындалган казысын  казыяттын  эмгек жамааты менен тааныштырып, жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалады.