Мырза кары Осмонов: Кыйынчылыкты сабыр жана акыл менен жеңгенде ийгиликке жетесиң!

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Али аль-Байт» мечитинин имам-хатиби Мырза кары Осмонов шаардагы М. В.Ломоносов мектебинин окуучуларына «Адамдын жаны аманат» деген темада баяндама жасады. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мектептин мугалимдери катышты.

«Адам баласы өзүн гана ойлобостон, эли журтка пайдасы тийген эр азамат жигиттерден болууга аракет кылуусу керек. Кыйынчылык келгенде  дароо эле жеңилип, өлүмдү оңой жол дегендер чоң адашууга дуушар болот. Адамдын жаны аманат. Аны бекем сактоо керек.  Кыйынчылыкты сабыр жана акыл менен жеңгенде ийгиликке жетесиң!» — деди Мырза кары Осмонов.

Ошондой эле  Мырза кары Осмонов мекенди сүйүү жана мугалимдерди урматтоо боюнча насаатын айтып, окуучуларды убакытты туура пайдаланууга чакырды.