Ак-Суу районундагы аз камсыз болгон 130 үй-бүлөгө 390 000 сом өлчөмүндөгү азык-түлүк таратылды

Ак-Суу районунун баш имам-хатиби Асантур ажы Абдрахмановдун катышуусунда “Инсандык жардам” фондунун демөөрчүлүгү менен аз камсыз болгон 130 үй-бүлөгө 390 000 сом өлчөмүндөгү азык-түлүк  таратылды.     

Жардам көп балалуу энелерге, муктаждарга жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө берилди.

«Ыйык Рамазан айында берешендик кылуу соопту амалдардан эмеспи. Андыктан аз дагы болсо жардам бергендерге алкыш айтабыз. Райондук хатибият дагы буга чейин демөөрчүлөрдүн колдоосу аркасында кайрымдуулуктарды уюштуруп келген жана улантып келебиз»,-деди  Асантур ажы Абдрахманов.