Ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча Чолпон-Ата шаарынын мэри Бердибек Имамбековдун катышуусунда жыйын өттү

Чолпон-Ата шаарынын баш имам-хатиби Абдыразак ажы Балтагулов шаар мэри Бердибек Имамбековдун катышуусунда өткөн жыйынга катышып, ысырапкорчулуктун алдын алууну талкуулашты.

“Ысырапкорчулукту жоюу жана тартипке келтирүү максатында бардыгыбыз аракет кылуудабыз. Ысырапкорчулук элди кедейликке түртүүнүн белгиси жана чексиз ысырап кылуу арам”,- деди Абдыразак ажы Балтагулов.  

Ал эми жыйындын катышуучулары Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан чыккан фатваны жана  өлкө башчынын Жарлыгын ишке ашыруу максатында эл арасында биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтышты.