Кызыл-Суу айылындагы 83 үй-бүлөгө 207 500 сомдук тамак-аш азыктары жардам катары берилди

Ыйык Рамазан айынын урматына карата Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы борбордук мечитте  аз камсыз   болгон 83 үй-бүлөгө  207 500 сомдук жардам берилди.

Кайрымдуулук иш-чарасын жергиликтүү ишкерлер колго алып, ар бир үй-бүлөгө 2500 сомдук тамак-аш азыктарын беришти.

«Кайрымдуулук иштери жылдык планыбызда четте калган эмес. Тамак-аштан, кийим-кечеден, ден соолугуна байланыштуу дарыдан  кыйналган бир туугандарыбызга жардам көрсөтүүдө болгон аракетибизди жумшап келебиз. Ыйык Рамазан айы жакшылыктын айы, кайрымдуу бир туугандарыбыздын демөөрчүлүгү менен мындай саамалыктар ар  жылы  салт катары уюштурулат»,- дейт  баш имам-хатиб Талантбек Акылбек уулу.