Кара-Дарыя айылында согуштун ардагери ааламдан өтүп, акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков катышты

Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында  согуштун ардагери Төлөн Базаров ааламдан өтүп, аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, жакындары катышты. Төлөн Базаров жубайы Тургунпаша апа менен 6 уул, 4 кызга татыктуу тарбиясын берип, 40тан ашуун небере, чебере көрүшкөн. Согуштун ардагери Төлөн Базаров 101 жашта болчу. Ал эми өмүрлүк жубайы Тургунпаша апа 92 жашта.