Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков Аксы районундагы дин кызматкерлери менен жолугушту

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков баштаган областтык казыяттын кызматкерлери Аксы районунун имам хатибдери менен жыйын өткөрдү. Райондун борбордук мечитинде өткөн жыйынга  мечиттердин имамдары, казыяттын мечит бөлүмүнүн адиси Бектен ажы Боронбаев, окуу бөлүмүнүн адиси Арпидин ажы Жороев, фатва бөлүмүнүн адиси Алибек ажы Батыралиев жана казыяттын каржы бөлүмүнүн адиси Мелисбек ажы Турганбаев катышты

«Жыйын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын иш планына ылайык Жалал- Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын  жылдык иш мерчеминин негизинде, КРнын Президентинин 2022-жылдын 24-февралында кабыл алынган №54 жарлыгын ишке ашыруу жана жеткирүү боюнча, КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы бөлүмү,  УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы, Жалал-Абад облусунун ички иштер  башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлүп жатат» -деди облус казысы.

 Мындан сырткары райондун аймагында жалпы 90 мечит болсо анын жыйырмасы каттоодон өтпөгөндүгү айтылды. Облус казысы каттоодон өтпөгөн мечиттерди жеринде  көрүп,  анын себептерин тактоо тапшырмасын тийешелүү адистерге табыштады.