Жалал-Абад облусунун казысы Нематула ажы Жээнбеков Аксы районундагы бийлик өкүлдөрү менен бирге ысырапкорчулук, мечиттердин каттоосу боюнча жыйын өткөрдү

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Аксы районунун администрация башчысы Замирбек Сыдыков менен биргеликте айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин төрөгалары, райондун аксакалдарынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйында КРнын Президентинин ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча кабыл алынган жарлыгы жөнүндө ойлор айтылып, мамлекет башчысынын бул кадамы эң туура жана колдоого аларлык аракет экендиги катышуучулар тарабынан айтылды.

«Аткаруу бийлиги жер жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Анткен менен эл арасында туура эмес кабыл алгандар да жок эмес. Муфтият, казыят, дин кызматкерлери бул багытта биргелешип иш алып барганыбыз жакшы натыйжасын берет. Сиздерге ыраазычылык билдиребиз!» -деди администрация башчысы Замирбек Сыдыков.

Ал эми облус казысы Нематула ажы Жээнбеков ысырапкорчулуктун шарияттагы ордун айтып, бул жаатта имамдар калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканлдыгына токтолду.

«Биздин Аксы жергесине болон сапарыбыз бир гана маселе менен чектелбейт. Сиздердин райондо курулушу бүткөн, бирок түрдүү себептерден улам каттоодон өтпөгөн мечиттер бар. Бул багытта биз менен тийешелүү адистер келген. Алар өз жумуштарын жасап жатат. Мындан сырткары эл арасында молдолор жөнүндө ар кандай айың кептер айтылып келет. Мына ошондой ойлор болбош үчүн райондун борбордук мечитинде айылдагы мечит имамдарынын билим деңгээлин жогорулатуу максатында атайын сабактар болуп жатат. Ысырапкерчиликти жоюу боюнча ар бирибиз ойлонушубуз керек. Аны айып пул менен же мажбурлоо жолу менен жасай албайбыз. Ошондуктан бул маселеде ар бир инсан өзүнчө ойлонуп жыйынтык чыгаруусу зарыл. Ыксыз чыгым жасоонун ордуна айылдын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүп, элге эң керек деген нерселерди куралы. Болбосо колунда жок, жардамга муктаж жардыларды колдоого алалы. Мына ушундай жумуштарды жасап сооп табалы», -деди Нематула ажы Жээнбеков.

Жыйындын соңунда КРнын Президенти Садыр Жапаровдун бул аракети алкоого аларлык экендигин айтышып, демилгени толугу менен колдошоорун билдиришип, мамлекеттик деңгээлде бирдиктүү жобо иштелип чыкса деген пикирлер сунушталды.